6-июлга карата аба ырайы

6-июлда күндүз өлкө аймагында күн катуу ысып, айрым жерлерде абанын температурасы 41 градуска чейин жогорулайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Жекшембиде республика боюнча жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө 32…37, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 34…39, Ысык-Көл жеринде 24…29, Нарын чөлкөмүндө 30…35 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 33…35, Ош шаарында 28…33 градуска чейин ысыйт.
Кырсык кыйгап өттү. Такыр-Төр көлүндө эми кооптуулук жок экени айтылды