Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Трамп Путин менен Украина тууралуу сүйлөшүүсүнө ичи чыкпаганын билдирди

Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча иштердин абалына канааттанбаганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Бейшемби күнү ал Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.
"Абдан узак сүйлөшүү болду. Биз көп нерселер жөнүндө баарлаштык, анын ичинде Иран маселеси да бар. Ал эми Украинадагы согуш жөнүндөгү сүйлөшүүгө ичим чыккан жок... Бүгүн мен аны менен эч кандай ийгиликке жетише алган жокмун", — деди Трамп журналисттерге.
Сенат Конгресстин макулдугусуз Иранга кол салууну тыйган резолюцияны жокко чыгарды