Кырсык кыйгап өттү. Такыр-Төр көлүндө эми кооптуулук жок экени айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Ысык-Атадагы Такыр-Төр тоо көлүндөгү кырдаал боюнча маалымат берген ӨКМ кооптуулук жоюлганын билдирди.
Эске салсак, мындан бир нече күн мурун, тагыраагы, 27-июнда, Ысык-Ата районундагы тоолордун арасында жайгашкан Такыр-Төр көлү жырылган. Суу ташкыны этекте жаткан Алмалуу жана Кебек-Бий (Горная Серафимовка) айылдарынын ортосундагы көпүрөнү агызып, жерди жууп кеткен.
Жалпысынан 950дүн тегерегиндеги киши эвакуацияланып, убактылуу жайларга (мектеп, мечит, маданият үйү, интернат-үй) жайгаштырылган. Ары-бери жүргөн каттам токтогон.
ӨКМдин бүгүн берген маалыматында көлдүн адаттагыдай экени, кооптуулук жоктугу кабарланды. Агып чыккан суунун көлөмү секундасына 1,5-2 метр кубдун тегерегинде болууда.
Такыр-Төрдө кайрадан суу көбөйүп, дагы 782 адам эвакуацияланды. Видео