Согуш башталган ошол капсалаңдуу 22-июнда эле саат 3:15те Севастополго абадан кол салышкан. Ал эми тогуз айдын ичинде шаарга 125 миң оор бомба ташталган. Анткен менен 250 күн-түн күчү жактан теңдеше албаган фашисттерге катуу каршылык көрсөтүлгөн.
Шаардыктар жер алдындагы жайларга жашынган. Аны менен катар жер төлөдө снаряд, мина, гранаталарды жасоону токтотпой, жарадарларга жардам көрсөтүүнү колго алышкан.
Тарыхый маалыматтарга таянсак, 1942-жылдын майында гитлерчилер шаарга 200 миңден ашык аскер киргизген. 29-июнда фашисттер Сапун тоо менен Малахов коргонун басып алышкан.
...2-июлда согуштук кемелер жеке курамдын бир бөлүгүн алып, Новороссийскиге кеткен. Ал эми 4-июлда Севастополду уюшкан түрдө коргоо соңуна чыккан. Улуу Жеңишке бир жыл калганда, 1944-жылдын 9-майында, шаар толугу менен баскынчылардан тазаланып, жеңилдене дем алат.
Тема боюнча: