БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Кытайдын ТИМ башчысы Ван И Евробиримдиктин дипломатия башчысы Кая Калласка Россиянын жеңилиши аларга пайдасыз экенин кыйыткан. Бул туурасында РИА Новости South China Morning Post басылмасына шилтеме кылып жазды.
Кытайдын ТИМ өкүлү 27-июнда алардын министри Ван И Бельгия, Германия жана Францияга барарын кабарлаган эле.
"Министр Евробиримдиктин башкы дипломатына Кытай Украинадагы согушта Россиянын жеңилишине жол бере албастыгын айткан. Анткени мындай учурдан кийин АКШ бүт көңүлүн Пекинге бурат деген түйшөлүү бар", — деп басылма жазган.
Макалада Украинадагы жаңжал Кытай менен Евробиримдиктин ортосундагы тирештирип турган маселеге болгонун белгилешкен. Алар Пекинди эки багыттагы: аскердик да, жарандык да максатта товарды Россияга берет деп сындап келет. Кытай өзү тынчтык орнотуучунун позициясында турам деп эсептеп, бул күнөөлөөнү четке кагып, Москва менен Киевди тең өнөктөш катары карайт.