5-июлга карата аба ырайы

5-июлда күндүз өлкө аймагында ысык аба ырайы күтүлүп, айрым жерлерде абанын температурасы 41 градуска чейин жогорулайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Ишембиде республика боюнча жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 35…40, Талас өрөөнүндө 33…38, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 36…41, Ысык-Көл жеринде 27…32, Нарын чөлкөмүндө 30…35 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 36…38, Ош шаарында 38…40 градуска жетип ысыйт.
Абанын температурасынын кескин өзгөрүп туруусу организмге кандай таасир этет?