Балдарыбызды кайтарып бергиле! Sputnik Азербайжан кызматкерлери тууралуу

Sputnik
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Игорь Картавых менен Евгений Белоусовду "ФСБ агенттери" деп шектенүү таптакыр акылга сыйбаган нерсе. Кесипкөй журналист болгондуктан булардын жашоосу алаканга салгандай ачык эле. Гуглдан деле текшерип көрүүгө болот, мындан дегеле күмөн санап кереги жок.
Игорь менен Женя — журналисттер, өмүр бою журналист болуп иштеп келишкен, Азербайжанда да жумушун сүйүп эмгектенишчү. Игорь — эл аралык журналист, билими боюнча саясат таануучу. Азербайжанга чейин 10 жылдан ашуун биздин агенттикте, Эл аралык кызматташуу дирекциясында иштеп келди. Бул иши ачык жүргөн бөлүм. 2022-жылы Sputnik Азербайжанды жетектөө үчүн Бакуга командировкага жиберилген. Үч жыл аралыгында өлкө бийлиги же укук коргоо органдары тарабынан ишине эч кандай доомат болгон эмес.
Азербайжан президентинин аппаратынын чакыруусу менен II глобалдуу медиафорумдун катышуучусу болгон. Ал эми Азербайжан менен Россиянын медиаларынын кызматташуусуна арналган тегерек столго катышчу делегациянын курамын тактап жатканда Бакудагы кесиптештер өздөрү Игорду чакырып, Москвага келгенде ал Азербайжан тарапта отурган. Игорь азербайжандык журналисттер менен тыгыз байланышта эле. Биздин Бакудагы кеңсебизге өлкөнүн жогорку окуу жайларынын жетекчилери, студенттер, кабарчылар байма-бай келип турушкан. Достук маанай өкүм сүрүп турчу.
Кийин эле акылга сыйбаган айыптарды тагып редакцияга полиция келди да, жигиттерди кылмышкер сымал буту-колун толгоп алып кетти.
Женя Белоусов Sputnik агенттигинде 8 жылдан бери иштеп келет. Ага чейин дагы ошончо жыл “Вести Москва” редакциясында иштеген. Каяктагы ФСБ агенти? Россиянын борбор шаарында кимди аңдыйт? Билими боюнча тарыхчы, МГУну аяктаган. Бакуга бошогон вакансияга барган, иштегенине эки жылдын жүзү болду. Шеф-редактор катары ишине Азербайжандын бийлиги тарабынан да, укук коргоо органдары тарабынан да эч качан доомат айтылган эмес. Айтылышы да мүмкүн эмес эле.
Кызматкерлерибизди кайтарып бергиле!
Sputnik Азербайжандын өлкө жарандыгы бар кызматкерлери тил кат менен бошотулду