ЕАЭБдин асыл тукум малды көбөйтүү программасы КРда аткарыла баштады. Министрлик 180-200 миң уйду акысыз уруктандырууну пландоодо

Sputnik
Өлкөдө үч жыл ичинде 180-200 миң уйду акысыз уруктандыруу пландалууда. Бул үчүн бюджеттен 60 миллион сом бөлүнүп, 270 миң доза урук сатып алынмакчы. Азыркы тапта өлкө боюнча 264 малды жасалма уруктандыруучу пункт иштеп жатат. Кошумча 160 пункт ачылат. Жасалма уруктандыруу айыл чарбасында мал тукумун жакшыртуунун заманбап жолу. Техник-уруктандыруучулар атайын шаймандар аркылуу асыл тукум буканын уругун уйга куюшат. Уйду уруктандырууга эң ылайыктуу учур уйдун кызуулук мезгили. Бул ыкма менен асыл тукумдуу туяктарды алууга болот. ЕАЭБге мүчө өлкөлөр ортосунда мал чарбасын биргелешип өнүктүрүү боюнча келишим түзүлгөн жана малды асылдандыруу боюнча жыйындар өтүп турат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин мал чарба, ветеринария жана жайыт боюнча чечимдерди ишке ашыруу бөлүмүнүн башкы адиси Жумабек Мамбеталиев маалымдады.