Францияда Макрондун Путинге телефон чалган себеби айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Франция президенти Эммануэль Макрондун Россия лидери Владимир Путинге телефон чалуусу Евробиримдик мамлекеттеринин Иран маселеси боюнча сүйлөшүүлөргө катышуу ниетин билдирет. Бул тууралуу Le Parisien гезити маалымат булактарына таянып жазганын РИА Новости кабарлады.
Эскерте кетсек, өлкө башчылар кечээ кечинде байланышып, Украина жаңжалын, Иран — Израиль тирешин жана Американын Ирандын өзөктүк объектилерине жасаган соккуларын талкуулашкан.
"Бул сүйлөшүү европалык дипломатиянын, негизинен Германия, Франция жана Улуу Британиянын аталган маселени (Иран) көзөмөлдөөгө умтулуусун айгинелейт", — деп жазылган макалада.
Басылманын маалыматы боюнча, эки президент тең көйгөйдү дипломатиялык жол менен гана чече турган аракеттер керек деп эсептейт.
Сенат Конгресстин макулдугусуз Иранга кол салууну тыйган резолюцияны жокко чыгарды