3-июлга карата аба ырайы

3-июлда өлкө аймагында күн ысык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Бейшембиде күндүз республика аймактарында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +33…+38, Талас аймагында +32…+37, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +34…+39, Ысык-Көл менен Нарын аймагында +25...+30 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +36…+38, Ош шаарында +37…+39 градуска чейин көтөрүлөт.
Ошто үйү түрттүрүлө тургандар жашачу жаңы шаарчанын курулушу башталды