БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. "Россия сегодня" медиатобу Sputnik Азербайжандын жетекчилеринин Бакуда кармалышы туурасында билдирүү таратты.
Анда Азербайжан бийлигин бул кырдаалды тез арада жөнгө салып, журналисттерди бошотууга чакырык жасалган.
Төмөндө текстти толугу менен келтирмекчибиз:
"Россия сегодня" медиатобу Бакуда эки россиялык жаран, Sputnik Азербайжандын жетекчилеринин кармалганына тынчсыздануусун билдирет. Алар менен кошо редакциянын бир нече азербайжандык кызматкери да кармалган.
Аларга айып тагыла элек, Россиянын жарандарына консулдук кызматкерлерди киргизүүгө уруксат берилген эмес. Колдогу маалыматтарга таянсак, редактор Игорь Картавыхтын батири тинтилип, компьютердик жабдуулар алынган. Бул мыйзамсыз жосун Sputnik Азербайжан агенттигинин ишинин токтоп калышына алып келди. Игорь Картавыхтын ден соолугу түйшөлтөт. Ага дары-дармек, анын ичинде инсулин керек. Азербайжан бийлигин бул кырдаалды тез арада жөнгө салып, кесиптештерибизди бошотууга чакырабыз".
Бул окуяга Кремль да үн катты.
"Ruptly менен Sputnik Азербайжандын кызматкерлеринин кармалышына Кремль байкоо салып турат. Москва Баку менен түз сүйлөшүүдө россиялык журналисттер бошотулат деп эсептейт", — деп айткан РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков.
Ал Бакунун бул кадамдарын өтө эле эмоционалдуу деп баалаган.
Эске салсак, 30-июнда Азербайжандын коопсуздук күчтөрү Sputnik Азербайжандын редакциясынын жетекчиси Игорь Картавых менен башкы редактору Евгений Белоусовду кармаган.
Аталган өлкөнүн Ички иштер министрлиги Sputnik агенттигинин Бакудагы кеңсесинде "операция" өткөнүн жарыялаган. Ал кезде редакция менен байланыш түзүлө элек болчу. Кийинчерээк полиция мекеменин жумушка келбей калган бардык кызматкерлерин кеңсеге чакырып, күч органдары мекеменин имаратынын алдындагы аймакты курчоого алганы белгилүү болгон.
"Россия сегодня" эл аралык медиатобунун жана RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян Россиянын Бакудагы элчилигинин кызматкерлери Sputnik агенттигинин кеңсесине барышканын айтып, кызматкерлердин арасында россиялык жарандар бар экенин белгиледи. РФ Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова окуя болгондон кийин эки сааттан ашык убакыт Россиянын Бакудагы элчилигинин кызматкерлери журналисттер, россиялык жарандар менен байланыша албай жатканына тынчсыздануусун билдирген.
Бакунун аракеттерине жана россиялык журналисттердин мыйзамсыз кармалышына байланыштуу Азербайжандын элчиси Россиянын Тышкы иштер министрлигине чакырылган.