БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Россиянын Куралдуу күчтөрү Луганск Эл Республикасынын аймагын толугу менен бошотуп алышты. Бул тууралуу республиканын башчысы Леонид Пасечник Биринчи каналдан билдиргенин РИА Новости жазды.
"Эки күн мурун ЛЭР биротоло 100 пайызга бошотулганы тууралуу доклад түштү", — деген жетекчи.
Россиялык аскерлер Донбасстагы чабуулун былтыркы жылдын аягынан тарта күчөткөн. Декабрда РФ коргоо министри Андрей Белоусов Украина Куралдуу күчтөрү аталган аймактын бир пайызынан азыраак территориясын көзөмөлдөп жатканын айткан эле. Украина согушкерлеринин калпыс кадамдарынан улам ал айыл-кыштактар да кыйроого учураганы белгиленген.