Окурмандарга сунуштаган бул видеодо аталган жаңы эреже тууралуу так жана түшүнүктүү кылып айтып беребиз.
2025-жылдын 30-июнунан баштап виза талап кылынбаган чет өлкөлүк жарандар Бирдиктүү идентификациялоо системасынан (ЕСИА) каттоодон өтүп, кирерден 72 саат мурда ruID мобилдик тиркемеси аркылуу электрондук арыз тапшырышы керек.
Өзгөчө кыйчалыш учурларда, сапарга шашылыш чыгууга мажбур болсо арызды кирерге төрт саат калганда тапшырууга уруксат берилет.
Аталган тартип виза талап кылынбаган чет элдик жарандар үчүн милдеттүү болуп эсептелет.
Бирок төмөнкү категориядагы жарандар андан бошотулат:
Беларусь жарандары;
дипломатиялык жана кызматтык паспорт ээлери;
6 жашка чейинки чет элдиктер (балдар) жана жарандыгы жок адамдар.
Жаңы эрежелер тууралуу маалымат менен Россиянын мамлекеттик кызматтар порталынан таанышууга болот. Ал эми ruID тиркемеси колдонмолор платформасында жеткиликтүү.
Тема боюнча: