ЧОЛПОН-АТА, 30-июн. — Sputnik. Чолпон-Атада өтүп жаткан ЖККУнун ТИМ башчыларынын кеңешинде Жеңиштин 80 жылдыгына арналган маркага мөөр басуу салтанаты болду.
"Кыргыз почтасы" мекемеси быйыл мындай 500 марка чыгарган эле.
© Фото / Пресс-служба МИД КР
Почта белгисине мөөр басуу салтанатына тышкы иштер министрлери жана ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов катышты.
Маркага Совететр Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин сүрөтү түшүрүлгөн.
Эске салсак, бул күндөрү Ысык-Көлдө ЖККУнун ТИМ башчылар кеңешинин отуруму өтүп жатат.
Мөөр басуу — марканын расмий колдонууга кабыл алынганын белгилеген процедура.