1-июлга карата аба ырайы

1-июлга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын жаабайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +31...+36, Талас аймагында +29...+34, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +32...+37, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө +24...+29 градуска көтөрүлөт.
Борбор калаа Бишкекте +32...+34, Ош шаарында +34...+36 градус ысык болот.
Бишкектин Ауэзов көчөсүндө ЖЭБ каналынын көпүрөсү кеңейтиле баштады