39 градуска чейин ысыйт. Келерки жумага карата аба ырайынын божомолу

Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. —Sputnik. Кыргызгидромет 30-июндан 7-июлга чейинки өлкөдө күтүлүп жаткан аба ырайынын божомолун таратты.
Синоптиктердин айтымында, апта ичи республикада күн ачык болот. Борбор калаа Бишкекте 6-июлда өткүн өтүшү ыктымал. Абанын температурасы 39 градуска чейин көтөрүлөт.
Чүй, Талас
Региондордун айрым жерлеринде 2-июлда өткүн өтүшү мүмкүн, калган күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. 30-июнда жана 2-июлда кээ бир аймактарда катуу шамал болору айтылды.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен
Синоптиктер келерки апти ичи республиканын түштүк аймактарында күн ачык болорун маалымдашты. Тоолуу аймактарда айрым күндөрү өткүн өтүшү ыктымал.
Ысык-Көл, Нарын
Апта башында көпчүлүк жерлерде ала булут каптап, өткүн өтүшү божомолдонду. Ысык-Көлдө 2-июлда, Нарына 3 жана 5-июлда мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Андан кийин күн ачык болот.
Такыр-Төр көлүнүн жырылышынын кесепети жоюлуп жатат. Видео