БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Москвадагы иш сапарынын алкагында "Яндекс" жана "ВиЭф Сервисес" компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, Имангазиев "Яндекс" компаниясынын өкүлдөрү менен Россияда такси кызматында иштеген кыргызстандык жарандардын жумуш учурунда жаралган укуктук маселелери, алар туш болгон жагдайлар жана компания менен мындан аркы кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулаган.
Маалыматта Россияда "Яндекс" сервистерин колдонуу аркылуу Кыргызстандын 44 миңдей жараны эмгектенери белгиленген.
© Фото / Посольство КР в России
Алмаз Имангазиев "ВиЭф Сервисес" компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушууда Кыргызстандын жарандарына компаниянын сервистик борборлору аркылуу консулдук кызматтарды көрсөтүү боюнча биргелешкен пилоттук долбоорду ишке ашыруу жолдорун талкуулаган. Компаниянын сервистик борборлору учурда Москва, Самара, Краснодар жана Калининград шаарларында иштейт. Тараптар пилоттук долбоордун киргизилиши аталган шаарлардагы мигранттардын убактысын жана акчасын кыйла үнөмдөй турганын белгилешти.
Ошондой эле мигранттарга Кыргызстандын РФтеги өкүлчүлүктөрүнө кайрылбай эле сервис аркылуу консулдук кызматтарды алуу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү макулдашышты.
Элчилик сервистик борборлордо документтерди кабыл алуу алдын ала жазылуу менен да, жазылбастан да жүргүзүлө турганын эскертти. Алдын ала жазылуу үчүн жарандар +7 (921) 329 00 68 номерине кайрылса болот. Борбор иш күндөрү саат 09:00дөн 17:00гө чейин иштейт.
Байланыш борбордун номери: +7 (499) 648 91 53.