БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. 28-июнь, ишембиде, тоолуу райондордо күн күркүрөп, жаан жаайт, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +32...+37 градус, Таласта +30...+35, Ысык-Көл өрөөнүндө +22...+27, Нарын аймагында +23...+28 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында +34...+36 градуска чейин көтөрүлөт.