Бишкек жана Ош шаарында кыймылсыз мүлктүн кадастрдык наркын аныктоо боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылат. Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, бул долбоор 2025-жылдын 31-декабрына чейин ишке ашырылат. Буга байланыштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттикке Бишкек жана Ош шаарларында кыймылсыз мүлктүн кадастрдык наркын аныктоо тапшырмасы берилди.
Бүгүнкү “Спутниктен сүйлөйбүз” программасында жаңы кирип жаткан долбоор тууралуу маектештик.
Биздин суроолорубузга Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Санариптик трансформация башкармалыгынын кадастрдык баалоо секторунун жетектөөчү адиси Айдар Сукенбаев жооп берди.