Өлкөдө соңку жылдары аба каттамдарын жакшыртуу жаатында орчундуу иштер аткарылып келет. Буга иштебей турган аэропорттор оңдолуп, ички каттамдардын көбөйгөнү мисал боло алат. Муну менен катар эл аралык авиакаттамдарда да жаңылыктар жок эмес. Бүгүнкү “Спутниктен сүйлөйбүз” программасында өлкөдөгү аэропорттор жана аба каттамдары тууралуу кеп кылдык. Биздин суроолорубузга “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов жооп берди.