БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңеште ЖМК тууралуу мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынды.
Талкуу учурунда маданият, маалымат, жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев журналисттер менен биргеликте иштелип чыккан компромисстик мыйзам долбоору парламентке сунушталганын, бирок экинчи окууда айрым депутаттар өздөрүнүн сунуштарын киргизгенин билдирди.
Алардын арасында ЖМК негизделгенде чет элдиктердин үлүшү 35 пайыздан ашпашы керек деген жери бар.
"Өлкөдө толугу менен тыштан каржыланган эл аралык медиалар бар. Алар буга чейинкидей эле каржы ала берет, болгону бул жактагы үлүшү 35 пайыздан ашпашы жана негиздөөчүсү Кыргызстандын жараны болушу керек. Бул — дүйнөлүк практика. Ал эми буга чейин катталган эл аралык ЖМКларга аталган мыйзам таасирин тийгизбейт, анткени мыйзам артка иштебейт", — деди Тагаев.
Буга чейин бийлик ЖМК тууралуу мыйзам эскиргенин айтып, жаңысын сунуштаган. Анда бардык ЖМКлар мамлекеттик каттоодон өтүү зарылдыгы жазылган. Кийин ал мамлекет башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен кайтарып алынган. Мыйзам коомчулук өкүлдөрү, журналисттерден түзүлгөн топ менен биргеликте кайрадан иштелип чыккан. Кийин депутаттар ага бир катар өзгөртүүлөрдү сунуштаган.