БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Бишкек финансы-экономикалык техникумунда (БФЭТ) Султан Мурсалиев атындагы Улуу Ата Мекендик согуштун тарых кабинети ачылды.
Мурсалиев Фрунзе шаарындагы ошол кездеги Финансы-кредит техникумунун алгачкы бүтүрүүчүлөрүнүн бири болгон. Ал Кызыл Жылдыз орденинин кавалери, Беларусту, Латвияны, Польшаны бошотууда чабуул операцияларынын катышуучусу болгон.
Кабинетти ачууну Мурсалиевдин уулу Токтосун, Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомунун төрагасы Марат Кутанов жана БФЭТтин жетекчилиги демилгелеген.
Иш-чарага Султан Мурсалиевдин, Советтер Союзунун Баатыры Хамит Гадельшиндин жана Улуу Ата Мекендик согуштун башка катышуучуларынын жакындары катышты.
"Согушка катышкан бардык кыргызстандык жоокерлердин элесин түбөлүккө калтырууга аракет кылдык. Текчелерде атайын слайддар – Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучуларынын портреттери, ошондой эле алардын өмүр баяны бар. Советтер Союзунун алты Баатырынын портреттери стенддерге орнотулду. Финансы-экономикалык техникумунун үч бүтүрүүчүсүнүн өмүр баяны да илинген. Алардын арасында Советтер Союзунун Баатыры Хамит Гадельшин менен Ахматбек Сүйүнбаев бар, алардын катышуусунда Рейхстагдын үстүндө Жеңиш туусу көтөрүлгөн", — деди Кутанов.
Ал белгилегендей, жакынкы арада мектептердеги Жеңиш музейлеринин ассоциациясын түзүү пландалууда.