Ормуз кысыгы жабылса АКШ үчүн кесепети кандай болорун айтышты

Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Ормуз кысыгы жабылса АКШ үчүн аянт жок калат. Бул туурасында РФтин Түз инвестициялар фондунун башчысы Кирилл Дмитриев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
22-июнда Ирандын парламентинин Улуттук коопсуздук жана тышкы саясат боюнча комиссиясынын мүчөсү Исмаил Коусари Ормуз кысыгын жабууну колдоорун, акыркы чечимди Улуттук коопсуздук кеңеши кабыл аларын айткан.
"Мунай дүйнөлүк нарк менен бааланып жатат. Эгерде Ормуз кысыгын жапсак, АКШ үчүн жакшы болбойт. Мунай боюнча дүйнөлүк, нес кылган кескин окуядан эч ким сыртта калбайт, бензиндин баасы көтөрүлөт", — деп жазган Дмитриев.
Иран-Израиль чатагынан улам Brent мунайынын баррели 5,7ден 81,4 пайызга чейин кымбаттап кеткенин Bloomberg жазды.
Нефтинин соңку ирет бул көрсөткүчү январь айында болгон.
Эксперттер эгерде Иран АКШнын чабуулуна жооп кылып Ормузду жок дегенде бир күн жаап койсо, баа кескин көтөрүлүп, баррели 120дан 150 долларга чейин өсүп кетерин айтышууда.
АКШ 22-июндун түнү Ирандын Натанзе, Фордо жана Исфахандагы өзөктүк үч объектине чабуул жасаган. Американын бул кадамын эл аралык коомчулук айыптады.
Вашингтондун айтымында, максат Тегерандын өзөктүк программасын алсыратуу же биротоло жоюу болгон.
АКШнын президенти Дональд Трамп Тегеран "бул согушка чекит коюуга" моюн сунушу керектигин айтты, болбосо Иранды мындан да олуттуу нерселер күтөт деп эскертти.
Ирандын ТИМ башчысы Аббас Аракчи "дипломатиянын эшиктери ар дайым ачыктыгын, бирок азыр андай учур болбой тургандыгын" белгилеген. Анын айтымында, дал АКШ дипломатияны жокко чыгарды. Ал өзүнүн коопсуздугун жана өлкөнүн кызыкчылыгын коргоо үчүн Иран бардык чараларды көрө турганын айтты.
Ирандын атомдук энергетика боюнча уюму өлкө өзөктүк өнөр жайын токтотпой тургандыгын билдирген.
Ирандын президенти АКШ жасаган чабуулуна жооп алышы керектигин айтты