БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Ирандын өзөктүк объектилерине жасаган чабуулу үчүн АКШга жооп берилиши керек. Бул туурасында Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Франция лидери Эммануэль Макрон менен телефондон сүйлөшкөндө айтканы анын расмий сайтында жазылган.
"АКШ бизге кол салды. Эгерде ушундай абалда калсаңар, сиз эмне кылат элеңиз? Албетте, алар көрсөткөн агрессиясына жооп алышы керек", — деген Пезешкиан.
Франциянын президенти Иран башчысына Париж Жакынкы Чыгышта болуп жаткан жаңжалдарды токтотуу боюнча аракет кылууга даяр экендигин айткан. Андан сырткары, Тегеран менен диалогду улантууга ынтызарлыгын кошумчалаган.
АКШ 22-июндун түнү Ирандын Натанзе, Фордо жана Исфахандагы өзөктүк үч объектине чабуул жасаган. Американын бул кадамын эл аралык коомчулук айыптады. Россия да Вашинтондун жасагандарын туура эмес деп, ал БУУнун Уставын, БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын одоно түрдө бузарын айтты. Москва учурда МАГАТЭнин бул багытта эмне айтарын күтүп турат. БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерреш АКШнын чабуулун аймактагы кырдаалды курчуткан жана дүйнөдө тынчтыкка түздөн-түз коркунуч келтирген кадам деп баалады.