БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. 24-июнь, шейшембиде, күндүз айрым аймактарда күн күркүрөп, жамгыр жаайт. Ал эми дыйканчылык райондордо күн ачык болорун Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +32...+37, Талас өрөөнүндө +31...+36, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +33...+38, Ысык-Көл жергесинде +24...+29, Нарын аймагында +21...+26 градус болот.
Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарларында +35...+37 градуска чейин көтөрүлөт.