БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. 23-июнь, дүйшөмбүдө, күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +33...+38, Талас аймагында +30...+35, Ысык-Көл өрөөнүндө +24...+29, Нарын жергесинде +22...+27 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +35...+37, Ош шаарында +36...+38 градуска чейин көтөрүлөт.