Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин: үчүнчү күчтөр Украинаны Россияга каршы курал катары колдонуп жатышат

Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Үчүнчү күчтөр Украинаны Россияга каршы курал катары колдонуп жатышат. Бул тууралуу президент Владимир Путин билдиргенин РИА Новости жазды.
Ал Sky News Arabia телеканалына интервью берип, Украина жана Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдар боюнча пикирин айткан.
Маектин урунттуу учурлары:
Киев төрт региондогу референдумдардын жыйынтыгын таанышы керек. Ансыз жаңжал жанданат деген кооптуулук турат;
украиналыктардын көпчүлүгү Россия менен достук мамилени сактап калууга кызыкдар. Украин жетекчилиги нацисттик маанайда болбошу керек;
үчүнчү күчтөр жаңжалды токтотууга кызыкдар эмес, алар Украинаны Россияга каршы курал катары колдонуп жатышат. Украина жакшы жашоого татыктуу, ал башка өлкөлөрдүн куралына айланбашы керек;
Россияда да, МАГАТЭде да Ирандын өзөктүк курал жасоого аракет кылып жатканы боюнча далилдер жок;
эгерде Израиль күмөндөр болсо, аларды жок кылуу зарыл. Андай мүмкүнчүлүктөр бар;
Тегерандын өзөктүк программасынын айрым жагдайларын талкуулап, макулдашуу зарыл.
Путин: Россия украин элинин суверендүүлүк укугуна эч качан шек келтирген эмес