Германиянын согуштук машинасынын талкаланышы Бресттен башталган

Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Германиянын согуштук машинасынын бүтө турган күнү дал Бресттен башталган. Бул туурасында Беларустун коргоо министринин идеологиялык иштер боюнча жардамчысы Леонид Касинскийдин айтканын Sputnik Беларусь жазды.
Анын айтымында, Беларусь менен Россия Улуу Ата Мекендик согуштагы тарыхый окуяларды сактап калыш үчүн болушунча аракет жасады.
"Трагедиялык жана баатырдык маанилүү күндүн алдында туруп биз монументтин ачылыш аземин гана өткөрбөстөн, тарыхый чындыкты бурмалаган Батыштагыларга жана өзүбүздүн ичибизде жүргөн "тарыхчыларга" каршы күрөштө дагы бир кадам жасап жатабыз", — деген ал.
Касинский Брест жергесинде немецтердин согуштук машинасы менен анын коштоочулары биринчи ирет олуттуу каршылыкка кабылганын эске салды.
"Алар бүткүл Европаны шаң менен басып өткөн да, бул жерге келгенден кийин германдык согуштук машинанын бүтө турган күнү башталган", — деди Беларустун коргоо министринин жардамчысы.
Ал республикада тарыхый чындыкты сактап, кийинки муундарга өткөрүп берүүгө кызмат кылган көптөгөн эстелик жайлар жана монументтер бар экенин кошумчалады. Ал эми коңшу Батыш мамлекеттери тууралуу мындай деш кыйын. Анын айтымында, мурда коңшу Польшада советтик жоокерлерге арналган 500дөн ашык эстелик тургузулса, бүгүнкү күндө алардын жыйырмага чукулу гана калды.
"Эстеликтерди талкалап, тарыхый чындыкты жок кылып, Европаны бошоткон, элестери монументте гана сакталган биздин чоң аталарыбыздан, аталарыбыздан коркуп жатышат. Тарыхый чындыкты сактап калыш үчүн бардыгын жасашыбыз керек. Биздин бабалар менен кошо калтырышыбыз зарыл", — деген Касинский.
Бүгүн Брест чебинде Россия белек катары жасаган советтик чек арачылардын элесине арналган эстелик ачылды.
Брест чебин коргогон кыргыз полку. Германиянын архивинен табылган тарых