Брест чебинде советтик чек арачылардын элесине арналган эстелик тургузулду. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Беларусь аймагындагы Брест чебинде Россия белек катары жасаган советтик чек арачылардын элесине арналган эстеликти орнотуп, ачышты.
3,5 метрлик скульптура түндүк дарбазага орнотулуп, 1944-жылы калыбына келтирилген мамлекеттик чек араны эске салат.
Монументти коюу боюнча РФтин коргоо министри Андрей Белоусов көтөргөн демилгени Беларусь президенти Александр Лукашенко колдоп кеткен.
1941-жылдын 22-июнуна караган түнү Брест чеби фашисттик баскынчылардын биринчи соккусуна туш болгон. Анын гарнизонунда чек арачылар гана эмес, ар улуттан чыккан жоокерлер да бар эле.
Композицияны Москвадагы Мирофан Греков атындагы Аскер сүрөтчүлөр студиясы иштеп чыккан.
Ачылыш аземге Беларусь президентинин администрациясынын жетекчиси Дмитрий Крутой, Мамлекеттик чек ара комитетинин төрагасы Константин Молостов, Беларустун коргоо министринин жардамчысы Леонид Касинский, Россиянын коргонуу министринин орун басары Виктор Горемыкин жана башка расмий адамдар катышты.
1941-жылдын 22-июнуна караган түнү Брест чеби фашисттик баскынчылардын биринчи соккусуна туш болгон. Анын гарнизонунда чек арачылар гана эмес, ар улуттан чыккан жоокерлер да бар эле.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
Ажалдуу дзотко секирип окту токтоткон Чолпонбай Түлөбердиев. Баатыр жөнүндө тасма