БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. 12 жылдык билим берүү программасына ылайык, 1-2-3-класстардын окуучуларынын жетишкендиктерин, билимин текшерүү үчүн баа койгон ыкма колдонулбайт. Бул тууралуу Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дүйшеева билдирди.
Анын айтымында, мында окуучулардын жетишкендиктери салттуу баллдык шкала менен эмес, маңыздуу кайтарым байланыш аркылуу бааланат. Бул ыкма ар бир баланын жеке өзгөчөлүктөрүн, өнүгүү ылдамдыгын жана жөндөмүн эске алуу менен иш алып барууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Мында жыйынтык гана эмес, окуучунун белгилүү бир мезгил ичиндеги (сабак, чейрек же жарым жыл) прогресси да эске алынат. Мугалим баланын прогрессин ар түрдүү формада (графиктер, диаграммалар, таблицалар) визуалдык түрдө көрсөтө алат жана символдук белгилерди колдонсо болору айтылды.
Буга чейин 11 жылдык окуу программасы боюнча, 3-класстарга баа коюлуп, чейрек чыкчу.