21-июнга карата аба ырайы

21-июнга караган түнү айрым райондордо күн күркүрөп, нөшөрлөгөн жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. 21-июнь, ишембиде, жаан-чачын күтүлбөйт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +31...+36, Талас аймагында +30...+36, Ысык-Көл өрөөнүндө +29...+34, Нарын жергесинде +30...+35 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкек жана Ош калааларында +33...+35 градуска жетери айтылды.
Арзандоону шарттайт. Товардын бир нече түрүн КНСтен бошотуу каралууда