БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Киберчабуулдар социалдык, экономикалык туруктуулукту бузуп, тышкы басымдын куралы болуп, мамлекеттик институттарга болгон ишенимди азайтуунун куралына айланып баратат. Бул тууралуу Садыр Жапаровдун Ысык-Көлдө өтүп жаткан ЖККУнун киберкоопсуздук боюнча эл аралык биринчи конференциясынын катышуучуларына кайрылуусунда айтылган.
Кайрылуудагы маанилүү учурлар:
кибермейкиндик чыр-чатактардын аянтына айланды: киберчабуулдар барган сайын татаал жана системалуу болуп баратат;
кооптуулуктарга жөн эле жооп бербестен, санарип коопсуздукту камсыз кылуунун жаңы ыкмаларын алдын ала иштеп чыгуу зарыл;
кибермейкиндикти коргоодогу жалгыздап жасалган аракеттер жетишсиз. Эл аралык деңгээлде маалымат алмашуусуз, технология жана аналитикасы жок бир дагы мамлекет жогорку деңгээлде уюшулган кылмышкерлердин тобуна толук каршы тура албайт;
бүгүнкү конференция санарип дүйнөнүн тездик менен өнүгүп жаткан шартында өз ара кызматташууну чыңдоонун жаңы этабын көрсөтүп бермекчи:
киберкоопсуздук ар бир мамлекеттин ички маселеси болбой калды. Кыргызстан ЖККУнун алкагында өнөктөштүк байланышты бекемдөөгө олуттуу карап, терең маани берет. Бир мамлекетке келтирилген кооптуулук — бардык өлкөлөрдүн маселеси.