Москва АКШны Иран-Израиль жаңжалына кийлигишүүдөн этият болууга чакырууда

Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча комментарий бергенин РИА Новости жазды.
"Биз Вашингтондун Иран менен Израилдин ортосундагы жаңжалга аскерий жол менен кийлигишүүдөн өтө этият болуусун каалайбыз. Бул абдан коркунучтуу кадам болушу ыктымал. Кесепеттери чынында эле алдын ала айта алгыстай жаман болушу мүмкүн", — деген дипломат.
Ал Россия Ирандагы тынчтык максаттагы өзөктүк объектилерге Израилдин чабуул жасашын туура эмес деп эсептээрин, өзгөчө Бушер АЭСине кол салууну токтотууну талап кыларын айтты.
ТИМ өкүлү Тегерандын өзөктүк программасына тынчсызданымыш болуп, аракеттерин актоого далалат кылганын өз максатын көздөгөндүк, жакшы эмес көрүнүш катары сыпаттаган.
Захарова Москва Тегеран менен Тель-Авивдин ортосундагы чыңалууну төмөндөтүү үчүн саясий-дипломатиялык аракеттерди көрүп, жаңжалды сүйлөшүүлөр аркылуу басууга үмүт артып жатканын кошумчалаган.
Путин Си Цзиньпин менен Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулады