РФ Коопсуздук кеңеши: кырдаалды чайпалтуу үчүн "түстүү" революциялар пайдаланылат

Sputnik
ЫСЫК-КӨЛ, 19-июн. — Sputnik. Социалдык-саясий кырдаалды чайпалтуу үчүн негизин маалыматтык таасир түзгөн "түстүү" төңкөрүштөрдүн сценарийи колдонулат. Бул тууралуу Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Алексей Шевцов билдирди.
Ал Ысык-Көлдө өтүп жаткан киберкоопсуздук боюнча ЖККУнун I эл аралык конференциясында сүйлөп жатып, президент Садыр Жапаровдун кайрылуусунда маалымат чөйрөсүндөгү чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу үчүн уюмдун бардык күч-аракетин жана мүмкүнчүлүктөрүн бириктирүү зарыл экендиги белгиленгенин эске салды.

"Келечекте ЖККУ өлкөлөрү эл аралык маалыматтык коопсуздук системасын калыптандырууга чоң салым кошот деп ишенем. Ошол эле учурда биз бардык мамлекеттердин улуттук кызыкчылыгын эске алуу менен бирдей жана бөлүнгүс коопсуздук принцибин дайыма карманабыз", — деди Шевцов.

Коопсуздук кеңештин катчысы: санариптик көз карандысыздыкты бекемдөө маанилүү