БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Россиянын рыногу Кыргызстан үчүн ачык болушу шарт. Мындай билдирүүнү РФтин Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Владимир Падалко жасады.
Ал Санкт-Петербургда Эл аралык экономикалык форумдун алкагында өтүп жаткан Россия — Кыргызстан бизнес-диалогунда сүйлөдү.
Падалко Кыргызстандын экономикасында Россия менен кызматташууга багытталган бүтүндөй өнөр жай тармактары бар экенин белгилеген.
"Кыргызстан агроөнөр жай тармагында жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп жатат. Бул жагынан алганда РФ рыногу КР товарлары үчүн ачык болушу керек. Өнөр жай кооперациясы эң туура багыт болуп саналат. Санариптешүү зымырап өнүгүп бара жаткан шартта эки өлкө биргелешип, өзгөчө чийки зат тармагында ар тараптуу байланыштарды арттыруу үчүн бардык шарттар бар",— деген Падалко.
Ал Кыргызстанда ИДПнын өсүшүнө сезилерлик салым кошуп жаткан ишкерлердин катмары пайда боло баштаганын белгиледи.