Кыргызстанда өзөктүк медицинанын толук кандуу борборун куруу каралууда

Sputnik
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Кыргызстанда өзөктүк медицинанын толук кандуу борборун куруу каралууда. Бул тууралуу "Росатом Кыргызстандын" башкы директору Дмитрий Константинов Петербург эл аралык экономикалык форумунун (ПЭЭФ) алкагында өтүп жаткан "Россия – Кыргызстан" бизнес-диалогунда билдирди.
Анын айтымында, Бишкекте май айында ачылган өзөктүк медицина бөлүмүндө эки жумада 120дан ашуун бейтап диагностикадан өткөн.
"Тилекке каршы, азырынча өлкөдө өзөктүк медицина жаатында толук кандуу борбор жок, бирок андай жай сөзсүз болушу керек. Анткени калктын муктаждыгы өтө чоң. Бул борбор онкологиялык, кардиологиялык, неврологиялык ооруларды диагностикалоо менен катар дарылоо, ошондой эле кыска мөөнөттүү радиофарм препараттарын өлкө ичинде өндүрүү мүмкүнчүлүгүн берет. Мындай препараттарды Россиядан же Түркиядан алып келүү техникалык жактан кыйын болгондуктан, аларды өлкө ичинде өндүрүү зарыл", — деди Константинов.
Бул өзөктүк медицина борбору азыр эксперименталдык объект статусун алганын, эми аны мамлекеттик маанидеги долбоор статусуна өткөрүү боюнча иштер жүрүп жатканын белгиледи.
Новиков КР менен РФ соодасындагы тоскоолдуктарды жоюу жолдорун сунуштады