Абанын температурасынын кескин өзгөрүп туруусу организмге кандай таасир этет?

Sputnik
Акыркы мезгилде аба ырайы кескин өзгөрүп, бирде күн ысып, кайра суук түшүүдө. Мындай шартта көптөгөн адамдар баш оорудан, уйкусуздуктан жана алсыроодон жабыркап жатышат. Жүрөк-кан тамыр оорулары, дем алуу органдарынын сезгенүүлөрү жана муун оорулары күчөшү ыктымал. Аба ырайынын туруксуздугу иммунитетти алсыратат жана психикалык абалга да терс таасир берет. Ошондуктан туура тамактануу, жетиштүү уйку жана күн ачуу тийген убакта сейилдөбө керек. Ден соолукту чыңдоо үчүн сууну жетиштүү ичүү жана стрессти азайтуу маанилүү. Суунун көлөмүн кадимки нормасынан көбөйтүп, күнүнө 2 литрдей таза суу ичүү абзел. Өзгөчө сезимтал адамдар өз ден соолугуна этият мамиле кылганы дурус. Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо улуттук институтунун директору, медицина илимдеринин доктору Жаркынбек Касымбеков маалымдады.