Трамп жалпыга Тегерандан токтоосуз чыгып кетүүгө чакырык таштады

Sputnik
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп жалпыга Тегерандан токтоосуз чыгып кетүүгө чакырык таштаган пост жазып, аны Ак үй жарыялаганын РИА Новости кабарлады.
"Иран мен айткан "келишимге" кол коюшу керек эле. Бөөдө өлүм көп болуп кетти, кандай уят... Кыскасы, Иран өзөктүк куралга ээ боло албайт. Мен муну кайра-кайра кайталадым! Баары Тегерандан дароо эвакуацияланышы керек!" — деп жазды АКШ президенти өзүнүн Truth Social тармагында.
Ак үйдөн билдиришкендей, Трамп Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Канададагы G7 саммитинен мөөнөтүнөн мурда Вашингтонго кайтып келет.
Эскерте кетсек, 13-июнь түнү Израилдин Коргонуу армиясы (ЦАХАЛ) масштабдуу аскердик операциясын баштап, анын алкагында Куралдуу күчтөрү Ирандын өзөктүк программасынын объектилерине сокку урууда. Чабуулдар Тегеранды да камтып, Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси, Ислам революциясынын сакчылар корпусунун командачысы жана илимпоздор мерт болгон. Ошондой эле Натанз, Фордо шаарларындагы өзөктүк объектилер жана башка аскердик жайлар бутага алынганы айтылды.
Ал эми өзөктүк программасында согушуу максаты камтылбаганын айткан Иран ракеталык жана дрон соккулары менен жооп берүүдө. Тегеран Тель-Авивдеги аскердик жана аскер-өнөр жай объектилерин бутага алып жатат. Эки тараптан тең киши өлүп, имараттар кыйроодо.
Иран менен Израиль күнүгө бири-бирине бир нече ирет сокку уруп жатат. Тель-Авив Тегерандын өзөктүк программасы жок болмоюнча чабуулун уланта турганын айтса, Иран каршы тарап бомбалоосун токтомоюнча атыша берерин билдирди.
Путин Эрдоган менен иран-израиль жаңжалын талкуулады. Маанилүү учурлар