Интернет аркылуу аялдын 540 миң сомун алдап алып алды делген шылуун кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Интернет аркылуу аялдын 540 миң сомун алдап алып алды делген шылуун кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26-майда милицияга К.К. аттуу жаран ири суммада акча алдатканын айтып, арыз жазган.
"Жабырлануучунун айтымында, 15-17-май аралыгында белгисиз адамдар анын ишенимине кирип, жалпысынан 540 миң сом акчасын алып алышкан. Каражат өлкө аймагындагы банктардын карталарына которулган", — деп жазылат маалыматта.
Иш козголуп, кылмышка шектелип 24 жаштагы киши кармалды. Милиция анын башка ушул сыяктуу иштерге да тиешеси болушу мүмкүн экенин божомолдоп жатат.
Тергөөчүлөр жабыркагандарды төмөндөгү номер аркылуу байланышууга чакырууда:
(0312) 36-35-23;
(0312) 36-35-27.
Радио
Таштанбекова: шылуундарга жеке маалыматтарды адамдар өздөрү таратат