Сауд Арабия 2025-жылы ажылыкты кантип өткөрдү? Видео

Sputnik
2025-жылы Сауд Арабиясы салт менен технологияларды айкалыштыруу аркылуу ажылыкты жогорку деңгээлде өткөрдү. Меккеге 1,6 миллиондон ашуун зыяратчы барган. Абанын температурасы 47 градуска чейин жетип, жүздөгөн суу бүркүүчү системалар, кубаттуу кондиционерлер жана отургузулган 10 миңден ашуун көчөт адамдарга ыңгайлуу шарт түздү.
Технологияларсыз ажылыкты элестетүү мүмкүн эместей болуп калды. Зыяратчылар Smart Hajj тиркемеси аркылуу маалымат алышып, 5G байланышы жана айрым аймактарда акысыз Wi-Fi жеткиликтүү болду. Жасалма интеллект жана дрондор адам агымын көзөмөлдөп турду.
Медициналык жардам күнү-түнү жеткиликтүү болуп, кадам сайын дарыгерлер кызматта турушту. Ажылык учурунда 91 миңден ашуун медициналык кызмат көрсөтүлүп, операциялар жасалды.
Тартип жана коопсуздук үчүн жүз миңдеген кызматкер жана ыктыярчылар тартылды. Ар бир зыяратчы электрондук каттоодон өттү. Ыктыярчылар карыларга жардам беришип, суу таратууга көмөктөштү. Адамга кам көрүүгө багытталган мындай мамиле жылдан-жылга жакшыртылууда.
Ажылык сапар барган сайын ыңгайлуу болууда: тамак-аш, транспорт, климат-көзөмөл жана санарип кызматтар мурункуга салыштырмалуу кыйла жакшырган. Nusuk платформасы жана Masar инфраструктуралык долбоору келечектеги ажылык сапарларды дагы да жеңил жана коопсуз кылуу максатын көздөйт.
2025-жылдагы сапар ишеним, камкордук жана инновацияларды бирге пайдалануу менен ажылыкты ыңгайлуу кылса болорун көргөздү.
Тема боюнча:
Ажылык-2025: технология, коопсуздук жана 1,6 млн. зыяратчыга жасалган камкордук