БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. 17-июнь, шейшембиде, тоолуу райондордо күн күркүрөп, жамгыр жаайт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +33...+38, Талас жергесинде +30...+35, Ысык-Көл өрөөнүндө +20...+25, Нарында +23...+28 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында +35...+37 градуска чейин көтөрүлөт.