ШКУ Жакынкы Чыгыштагы абалга тынчсызданып, Израилдин Иранга соккусун айыптады

Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) Жакынкы Чыгыштагы абалдын курчушуна тынчсызданып, Израилдин Иранга карата соккуларын айыптады. Билдирүү уюмдун сайтына жарыяланды.
Анда айтылгандай, жарандык объектилерге, анын ичинде атмодук инфраструктурага урулган соккулар эл аралык укуктун жана БУУ Уставынын одоно бузулушу болуп саналып, Ирандын суверендүүлүгүнө шек келтирет. Бул кооптуу кадамдар регионалдык жана эл аралык коопсуздукка залакасын тийгизип, дүйнөлүк туруктуулукка коркунуч жаратары белгиленди.
ШКУ Ирандын өзөктүк программасы боюнча бардык маселелерди тынч, саясий жана дипломатиялык жол менен чечүүнү жактай турганы белгиленди. Ошондой эле Иран элине жана өкмөтүнө көңүл айтылды.
Уюмга мүчө мамлекеттер ШКУ Хартиясы менен БУУ Уставынын принциптерин карманары жана мүчө өлкөлөргө каршы мыйзамсыз аракеттер кабыл алынбай турганы белгиленди.
Эскерте кетсек, эки өлкөнүн ортосундагы кандуу кагылышуу 13-июнь түнү башталган. Анда Израиль Ирандын өзөктүк программасына каршы чабуул коюп, натыйжада адамдар өлгөн. Кечээ Тегеран жооп иретинде жүздөгөн учкучсуз аппараттарды учуруп, Тель-Авивге сокку урду. Израиль да жоготууларга учураганы айтылды.
ЖМКлар Израилдин Иранга каршы операциясы жумаларга созуларын жазды