БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Талас облусунда 14-июнда дагы тогуз адам шаурмадан ууланды. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөл департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жабыркагандардын төртөө 14 жашка чейинки балдар болгон.
“Бейтаптар кечээ саат 23:00 чамасында дарыгерге кайрылып, биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйлөрүнө жиберилген. Ал эми алар тамактанган "Казан Шаверманын" ишмердүүлүгү убактылуу токтотулуп, иликтөө укук коргоо органдары менен биргеликте уланууда”, — деп айтылган маалыматта.
Аталган тез татымдан экинчи ирет массалык уулануу катталууда. Буга чейин 31-майда дагы 12 киши ууланып, 36 миң сомго айып салынган.