Каттоого турбай жүргөн кыргызстандыктарга айып салуу сунушталууда

Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Кыргызстанда жер которгондорду каттоого турууга милдеттендирүү сунушталууда. Укук бузуулар кодексине тиешелүү өзгөртүүлөр коомдук талкууга чыгарылды.
Маалыматка ылайык, жашаган жерин алмаштыргандар же 45 күндөн ашык убактылуу жашай тургандар 10 күндүн ичинде каттоого турууга милдеттүү. Бирок жоопкерчилик каралбагандыктан жарандар бул жобону аткарбай келери айтылган.
“Былтыр өлкөдө 7,3 миллион киши жашаса, анын 263 миңге жакыны каттоосуз калган. Бул мамлекеттик кызматтарды туура пландаштырууда жана коммуналдык системаларды башкарууда тоскоолдук жаратууда”, — деп жазылган документтин негиздемесинде.
Мындан улам каттоого турбагандарга карата административдик жоопкерчилик киргизүү сунушталган. Жашаган жерин өзгөрткөндөр каттоосун жаңыртпаганы 10 күндөн ашса 1000 сом айып каралууда. Бул нерсе кайталанса айып 2000 сомго өсөт.
Ошондой эле жаранга турак жай берип жаткандарга, тагыраагы, батир ээлерине да жоопкерчилик каралган. Жеке адамдар үчүн 1000 сом, юридикалык жактар үчүн 10 000 сом айып салынат.
Ошондой эле жарандар онлайн-каттоодон “Түндүк” мобилдик тиркемеси же мамлекеттик портал аркылуу өтө алышары белгиленген.
Кыймылсыз мүлктүн келишимдерин “Түндүк” аркылуу каттоого болот