Иран Израилге көмөк көрсөткөн Батыш өлкөлөрүнө кандай жооп кайтарарын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Эгер АКШ, Франция жана Улуу Британия Израилге колдоо көрсөтө турган болсо, Иран Тель-Авивге чабуулун күчөтүп, аталган мамлекеттердин Жакынкы Чыгыштагы аскердик базаларына сокку урууга даяр. Бул тууралуу Mehr агенттигине таянуу менен РИА Новости жазды.
"Иран Израилге чабуулунун масштабын кеңейте турганын айтып Франция, Британия жана АКШга расмий эскертүү берди. Израилге колдоо көрсөткөн мамлекеттин баары чабуулга тушугат, Иран алардын Перс булуңундагы аскердик базалары менен Кызыл деңиздеги кемелерин бутага алат", — деп жазган агенттик.
Буга чейин Иран ТИМинин жетекчиси Аббас Аракчи Франция жана Британиядагы кесиптештери менен сүйлөшүп, АКШнын кызыкчылыгын көздөгөн Швейцариянын Тегерандагы элчиси министрликке чакырылган.
Эскерте кетсек, эки өлкөнүн ортосундагы кандуу кагылышуу 13-июнь түнү башталган. Анда Израиль Ирандын өзөктүк программасына каршы чабуул коюп, натыйжада адамдар өлгөн. Кечээ Тегеран жооп иретинде жүздөгөн учкучсуз аппараттарды учуруп, Тель-Авивге сокку урган. Израиль да жоготууларга учураганы айтылды.
Министрлик кыргызстандыктарды Израилге барбай турууга чакырды