Экспортту артыруу, өзөктүк триаданы күчөтүү. Путин куралдануу программасы тууралуу

Sputnik
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин куралдануу боюнча мамлекеттик программага арналган кеңешме өткөргөнүн РИА Новости жазды.
Россия лидери бул жааттагы ийгиликтерди белгилеп, коргонуу өнөр жай комплексин өнүктүрүү жаатында тапшырмаларды берди.
Президент төмөнкүлөргө токтолгон:
Куралдануу боюнча мамлекеттик жаңы программаны аткаруу мөөнөтү — 2027-2036-жж.;
ал куралдануунун бардык комплексине тиешелүү;
жаңы программа коргонуу өнөр жай комплексинин узак мөөнөттүү өндүрүш пландарын түптөөгө багыттарды аныктап бериши шарт;
программаны коргонуу өнөр жай комплексинин өнүктүрүү программаларынын иш-чаралары жана мөөнөтү менен шайкеш келтирүү керек.
"Биздин бүгүнкү максат — системанын бүтүндөй комплекси жана куралдануунун үлгүсү боюнча келечектүү, узак мөөнөттүү программаны түзүү. Бул үчүн аскердик операциядагы, аймактык ар кыл жаңжалдардагы тажрыйбаны болушунча пайдалануу", — деди Путин.
Ал мамлекеттик программага Куралдуу күчтөрдүн азыркы муктаждыктары да киргизилерин, негизги көңүлдү Россиянын эгемендүүлүгүн камсыз кылууда кепилдик берчү өзөктүк триадага буруу зарылдыгын айткан.
"Учурда стратегиялык өзөктүк күчтөрдө заманбап куралдануунун үлгүлөрүнүн үлүшү 95 пайызды түзүп калды. Негизинен бул бардык өзөктүк державалардын ичинен алганда жакшы көрсөткүч", — деген Путин.
Россия лидери аны менен катар эле курал-жарактын жана техниканын, өзгөчө согуштагы кармаштарда сыноодон өткөн үлгүлөрдүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу маанилүү экендигин айткан.
Путин жаңы мамлекеттик программа аскердик-деңиз флотунун 2050-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруунун куралына айланышы керектигин баса белгилеген. Ошондой эле алдын ала ойлонулган кадрдык саясатты жүргүзүү жана коргонуу ишканаларында жарандык продукцияны чыгаруу мүмкүнчүлүгүн эске алуу зарылдыгын кошумчалаган.
Дүйнөлүк аскерий чыгымдар 1990-жылдан тарта рекорд жаратты. Иликтөө