Бишкектеги бардык муниципалдык унаа токтотмолорго акы төлөтүү сунушталды

Sputnik
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Бишкек шаарында муниципалдык унаа токтотмолорго сааттык акы төлөө системасын киргизүү каралууда. Тиешелүү токтом долбоору шаардык кеңешке киргизилди.
Маалымдалгандай, Бишкекте 683 миңге жакын автоунаа катталган. Буга кошумча, аймактардан машиналар келип, борбор калаада тыгын көбөйүүдө. Мындан улам пилоттук долбоор сунушталып, шаардын борборун зоналарга бөлүп, саатына 40-60 сом акы алуу каралууда. Автоматташтырылган система киргизилгенде 30-50 сом болору айтылган.
Акы төлөө зоналарынын бөлүнүшү:
1-зона — Жоомарт Бөкөнбаев, Султан Ибраимов, Михаил Фрунзе жана Жаш гвардия бульварындагы квадрат;
2-зона — Иса Ахунбаев, Төрөкул Айтматов, Юлиус Фучик көчөлөрү жана Жибек Жолу проспектиндеги квадрат (1-зонага кирбеген аймак);
3-зона — Бишкектин аймагындагы 1-2-зонага кирбеген башка көчөлөр.
"Төлөм киргизүү менен айдоочуларды унаа токтотмолорду эби менен пайдаланууга жана альтернативдүү транспортторду тандап алууга түрткү берүү мүмкүн болот", — деп айтылат түшүндүрмө катта.
Мындан тышкары, акы төлөнүүчү токтотмолорго инвестиция тартуу, инфраструктураны өнүктүрүү жана жаңы орундарды түзүү үчүн каржылык мүмкүнчүлүктөр пайда болору айтылган.
Долбоорду шаардык кеңеш жактырса муниципалдык токтотмолор үчүн акы алуу системасы жакын арада киргизилери кошумчаланды.
ЦУМдун жанындагы жер өтмөк жана унаа токтотуучу жайдын курулушу видеодо