Депутат эки министрликтин адистерин Россияга эки айга жөнөтүүнү сунуштады

Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов мигранттарды легалдаштырууга жардамдашуу үчүн ТИМ менен Эмгек министрлигинин кызматкерлерин эки айга Россияга жиберүүнү сунуштады.
Эл өкүлү Россияда чет элдиктердин жүрүүсүн мыйзамдаштыруу мөөнөтү сентябрга чейин узартылганын эске салган.
"Жарандарды мүмкүн болушунча эртерээк каттоодон өтүүгө чакырып жатабыз. Бизде миграциялык маселелерге Тышкы иштер жана Эмгек министрликтери жооптуу. Мына ошол эки министрликтин кызматкерлерин эки айга жөнөтүү керек. Алар атайын мандат менен барып, мигранттарга жеринде көмөктөшүүгө тийиш. Москвадагы элчиликке, Новосибирск, Екатеринбург сыяктуу ири шаарларга барып, кыргызстандыктарга бардык жагынан жардам бериши керек", — деди Ормонов.
Ал министрлер кабинетин бул маселени кароого жана тиешелүү чечим кабыл алууга чакырды.
Акыркы мүмкүнчүлүк! ТИМ башчысы “кара тизмедеги” мигранттарга кайрылды