Россиялык бизнесмендер үчүн Кыргызстандын рыногу келечектүү экенин айтышты

Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Россиялык бизнесмендер үчүн Кыргызстандын рыногу маанилүү жана келечектүү болууда. Бул тууралуу Россиялык экспорттук борбордун өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Ишхан Буюклянов Бишкекте өтүп жаткан көп тармактуу ишкердик миссиянын алкагында билдирди.
Анын айтымында, иш-чарага Россиянын аймактарынан жана тармактарынан кырктай компаниянын өкүлдөрү келген.
"Мындай тармактык жана географиялык ар түрдүүлүк — Россиянын экспорттук мүмкүнчүлүгүнүн көрсөткүчү. Ошондой эле Кыргызстан рыногу биз үчүн канчалык маанилүү экенин далилдейт", — деди ал.
Миссиянын максаты — товарларды таанытуу менен катар бизнес-өкүлдөрүнүн ортосунда байланыш түзүү.
Россиянын Кыргызстандагы соода өкүлү Айнур Саманов бул пикирди колдоп, 2021-жылдан бери эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү эки эсе өскөнүн айтты.
Пресс-борбор
Kyrgyz Build көргөзмөсүнө 30дан ашык россиялык компания келди