Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Мединский: Россия менен узакка согушууга болбойт, созулуп кетсе өлкө жеңип чыгат

Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Киевдин кепке келүүнү каалабастыгы дагы бир катар аймактарынан ажырашына алып келет. Бул туурасында РФ президентинин жардамчысы Владимир Мединский The Wall Street Journal басылмасына берген интервьюсунда айткан.
Эске салсак, ал — Украина жаңжалын жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн россиялык делегациянын жетекчиси.
"Биз тынчтыкты каалайбыз. Бирок Украина башкалардын улуттук кызыкчылыктарын жогору коюп туруп алса, анда жооп кылганга аргасыз болобуз", — деген Мединский.
Ал Швеция менен 21 жыл болгон кармаштын тарыхын эске салып, Россия менен согушту узакка созуп жиберүү мүмкүн эместигин эскерткен.
Мединскийдин башка айткандары:
Россия менен узакка согушууга болбойт, созулуп кеткенде өлкө жеңип чыгат;
Батыш Россия-Украина жаңжалын маданияты ар башка болгон өлкөлөрдүн согушуна окшотуп, жаңылып алды;
кеп, чындыгында, "бир туугандык кармаш" туурасында жүрүп жатат;
жаңжал өлкөлөрдүн ортосундагы жикти улам тереңдетүүдө. Андыктан Москва аны тезирээк бүтүрүүнү каалап турат.
Путинге Стамбулдагы сүйлөшүүлөр боюнча маалымат берилди. Урунттуу учурлары